"100дөй үй-бүлө көчөдө калганы жатат". Бишкекте тургундар митингге чыкты

Мэрия жашоочуларды 1-мартка чейин чыгып кетүү талабын койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкектин Сүйөркулов көчөсү, 16/1 дарегинде жашаган тургундар үйлөрү талашка түшкөнүн айтып митингге чыкты.
Алар эки компаниянын касташуусунун кесепетин тартып жатканын айтууда. Мэрия ал имарат соода борборуна ылайыкталып курулгандыктан жашоого кооптуу деп таап, жашоочуларды 1-мартка чейин чыгып кетүү талабын койгон. Бирок тургундар астыңкы кабаттары коммерциялык жай үчүн, үстү жагы аппартамент болуп курулганын билдирди. Андыктан жашоого кооптуу эмес деп эсептешет. Ар бир батир 20 миң доллардан жогору бааланган. Үйлөрдү саткандардын бири Асыл Талипова учурда тергөө абагында.
1 / 2

Бишкектин Сүйөркулов көчөсү, 16/1 дарегинде жашаган тургундар үйлөрү талашка түшкөнүн айтып митингге чыкты

2 / 2

Алар эки компаниянын касташуусунун кесепетин тартып жатканын айтууда. Мэрия ал имарат соода борборуна ылайыкталып курулгандыктан жашоого кооптуу деп таап, жашоочуларды 1-мартка чейин чыгып кетүү талабын койгон

Митингге чыккандар Камчыбек Ташиевге кайрылып алданган 100гө чукул үй-бүлөнүн көйгөйүн чечип берүүнү суранышты.
Кыргызстанда курулуп жаткан имараттардын реестри ишке кирди