Трамп Байдендин президенттиги тууралуу Путиндин пикири менен макул болду

Экс-президент АКШ бүт дүйнө мазактоочу өлкөгө айланып калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп Консервативдик саясий аракеттер конференциясында (CPAC) сүйлөп жатып Владимир Путиндин Ак үйдүн башчылыгына Жо Байдендин турушу Россия үчүн пайдалуураак деген пикири менен макул болду. Бул туурасында РИА Нововсти жазды.
Саясатчынын айтымында, Россия лидеринин Байдендин эмне кадамга барарын алдын ала боолголоп билсе болоруна байланыштуу Москва үчүн ал жакшыраак экенин айтканы аны таң калтырган эмес.
“Кечээ күнү ал Байденди президент катары көргүсү келерин айтты, мен дагы ага макулмун”, — деди Трамп.
Ошондой эле ал АКШ бүт дүйнө мазактоочу өлкөгө айланып калганын белгиледи.
Жакында эле Трамп Түштүк Каролинада тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып Путиндин билдирүүсүн комплимент катары кабыл алганын айткан.
“Көпчүлүк адамдар бул жаман деши мүмкүн. Бирок такыр андай эмес, бул жакшы”, — деди экс-президент.
Обама менен Трампты караган дарыгер Байдендин акыл-эсин текшерүүнү талап кылууда