БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада өлкө аймагында аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Бишкекте 25-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ал эми 26-29-февралда жана 1-мартта күн ачык болот. 2-мартта күндүз жамгыр, кар жаашы мүмкүн. Абанын орточо температурасы күндүз +4…+6 градус болмокчу.
Чүйдө
Өрөөндө 25-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарга, ал эми күндүз айрым жерлерге кар түшөт. Апта ичи, тагыраагы, 26-29-февралда жана 1-мартта жаан-чачын болбойт. 2-мартта күндүз айрым жерлерде жаан болсо, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт.
Таласта
Облуста 25-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаай турганы божомолдонду. Ал эми 25-февралда күндүз, 26-29-февралда жана 1-мартта асман ачык болот. 2-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаамакчы.
Ошто
25-февралда жана 26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарга кар түшө турганы айтылды. 26-февралда күндүз, 27-февралда жана 28-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар түшөт. 28-февралда күндүз, 29-февралда жана 1-мартта күн ачык. 2-март жаан-чачындуу болот.
Жалал-Абадда
Региондо 25-февралда көпчүлүк аймактарда, 26-февралда айрым жерлерге кар түшөт. 27-29-февралда күн ачык болмокчу. 1-мартта жана 2-мартта түнкүсүн асман ачык болсо, ал эми 2-мартта күндүз жаан, кар жаайт.
Баткенде
25-27-февралда жана 28-февралда түнкүсүн айрым жерлерге кар түшөт. Калган учурлары күн ачык болуп, 2-мартта жаан, кар жаай турганы божомолдонду.
Ысык-Көлдө
25-26-февралда аймактарга кар түшүшү күтүлөт. Ал эми 27-29-февраль күндөрү жана 1-2-мартта асман ачык болот.
Нарында
25-26-февралда кар түшсө, 27-29-февралда жана 1-2-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.