Денис Петрашов АКШдагы беделдүү турнирден күмүш медаль утту

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү боюнча АКШнын Студенттик ассоциациясынын чемпионатынан (NCAA) күмүш медаль утту. Бул туурасында өлкөнүн Суу спорту ассоциациясы билдирди.
Ал 200 метр аралыкты 1 мүнөт 51 секундада сүзүп өтүп, марага жеткен.
“Денис – бул ассоциациянын 100 метрге брасс ыкмасында сүзүү боюнча рекорд жаратуучусу. Алдыда ал узак сапарга чыкканы турат. АКШдан Филиппинге учуп келип, эртеси эле суу спорту боюнча XI Азия чемпионатына катышат”, — деп айтылат маалыматта.
Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта алтын утту. Видео