Кыргызстандыктар Азия өлкөлөрүнүн жаш лидерлер мектебине чакырылды

Арыздарды 7-мартка чейин тапшырса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктар Алтайдагы "Азия өлкөлөрүнүн жаш лидерлер мектеби" долбооруна катышууга чакырылганын "Русский дом" билдирди.
Иш-чарага эл аралык гуманитардык кызматташтык тармагындагы 25 жаштан 35 жашка чейинки адистер, тарыхчы, археолог жана түркологдор бара алат.
Активдүү катышкандар Азия университеттеринин ассоциациясы жана Улуу Алтай борборунун чет өлкөлүк эксперттер бирикмесине киргизилип, жаңы чет элдик өнөктөштөр жана ресурстук борборлор менен кызматташуу келишимине кол коюшат.
"Бул иш Азия университеттеринин ассоциациясы жана Улуу Алтай борборунун чет өлкөлүк эксперттер бирикмесин кеңейтүүгө багытталган", — деп жазылат маалыматта.
Арыздар 7-мартка чейин kirgizia_bishkek@rs.gov.ru. электрондук почтасында кабыл алынат. Аны толтуруу жана долбоор тууралуу кененирээк маалыматты шилтеме аркылуу алууга болот.
Студенттердин 8 стартап-долбоорун мамлекет каржыламай болду