БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Улуттук госпиталда кош бойлуу медайымды сабады деп шектелген аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин УКМК кабарлады.
Эскерте кетсек, окуя 19-февралда болгон. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, С.А. аттуу медайым оор абалдагы бейтапты таңуу маалында аялдан палатадан чыгуусун бир нече ирет суранган. Бирок аял медиктин эскертүүсүнө ачууланып, аны ур-токмокко алган. Натыйжада медайым "боюнан түшүү коркунучу бар" деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.
УКМК медайымды сабаган жаранга чара көрүүнү өтүнүп Медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөнүн белгиледи.
"Фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү Б.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
УКМК мамлекеттик кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу маселесинде позициясы бекем экенин, аларга кол салууга жол берилбестигин эскертет. Эгер андай фактылар аныкталса өлкө мыйзамдарына ылайык катуу чара көрүлөрү белгиленди.