Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатынан ажырашы мүмкүн

Эл өкүлдөрүн мандатынан ажыратуу маселеси БШКнын күн тартибине киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мандатынан ажыратышы мүмкүн.
Депутат Нурлан Ражабалиев
Эл өкүлдөрүнүн маселеси БШКнын күн тартибине киргизилген. Себеби азырынча белгисиз.
Искендер Матраимов — издөө жарыяланган Райымбек Матраимовдун бир тууганы. Ал эми Нурлан Ражабалиев буга чейин Бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон.
УКМК Райымбек Матраимовдун Оштогу үйүнө мөөр басып кетти. Сүрөт