Бишкекте асма жолдун курулушу жайында башталары айтылды

Жаңы жол эксплуатацияга кийинки жылдын үчүнчү кварталында берилип калары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкекте асма жолдун курулушун майдын аягы, июнда баштоо пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына маалымат берип жатып билдирди.
"Асма жол боюнча чечим кабыл алынып, жумушчу топ түзүлдү. 27-28-февралда Швейцариядагы ири компаниядан адис келип, келишим түзүлөт. Аркан жол Жибек Жолу проспектинен тарта Түштүк магистралга чейин Манас проспектинин үстүнөн тартылат. Алдын ала долбоор жактырылды. Буюрса майдын аягы, июндун башында капсула салынат", — деди Сазыкулов.
Ал асма жол эксплуатацияга кийинки жылдын үчүнчү кварталында берилип каларын белгиледи.
"Азыр кандай, канча орундуу кабина жасайбыз деп карап жатабыз. Асма жол күнүнө 100 миң жүргүнчүгө чейин ташый алат, 65 кабина болот. Долбоор 50-60 миллион долларга бааланууда", — деди вице-мэр.
Буга чейин Бишкекке асма жол курула турганы маалымдалган.
Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу башталды. Видео