Жогорку Кеңеш бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

Талкуу учурунда парламентарийлер кылмыш жоопкерчилигин караган жазаны алып салды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Депутат Надира Нарматованын демилгесине 64 депутат "макул", бешөө "каршы" добуш берген.
Алгач мыйзам бузгандарды 5-10 жылга эркинен ажыратуу жазасы сунушталган, кийин 3-5 жылга кыскартуу менен киргизилген. Талкуу учурунда парламентарийлер кылмыш жоопкерчилигин такыр эле алып салды.
Эгер мыйзам кабыл алынса "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп аташат.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Садыр Жапаровго кат жиберип, бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кирип жатканына тынчсыздануусун билдирген. Президент ага берген жообунда Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.
Кыргызстанга коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам зарылбы? Талдоо