Балыкчыда милиционерлер кафеде чуу чыгарышты. Видео

Азырынча эч ким арыз жазган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Балыкчыда милиция кызматкерлери ызы-чуу чыгарып, окуянын видеосу социалдык тармакта тарап жатат.
Кадрлардан милиционер кимдир бирөөнү бир чаап, ошол жерде турган аялга тап бергенин көрүүгө болот.
Ысык-Көл ОИИБи маалыматты тастыктады. Анткен менен арыз жазып азырынча эч ким кайрыла элек.
"Видеонун тараган фактысы журналга каттоого алынды. Азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатат, чоо-жайы такталууда", — дешти милициядан.
Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу түшкөндөргө айып салуу сунушталды