Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон АКШдан жардам келбесе Украинанын күнү эмне болорун боолголоду

Авдеевка — Донецкинин түндүк тарабындагы шаар, бул калаа үчүн атайын операция башталгандан бери тынбай күрөш жүрүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШдан жардам келбесе Украина Куралдуу күчтөрү кайсы шаарларды алып калууга дарамети жетерин чечиши керек. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлүнүн орун басары Сабрина Сингх брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз өтө маанилүү болгон PDA-пакеттерди (Пентагондун аскерий жардамы) бере албай жатабыз, мындан улам Украина колунда бар каражат менен кайсы шаар, кайсы конуштарды алып кала аларын чечиши керек", — деди ал.
Сингх Өкүлдөр палатасын Сенаттын артынан эле Ак үйдүн 60 миллиард долларлык сурамын канааттандырып берүүгө чакырган. Бул каражатсыз АКШ аскерий жардамын уланта албайт.
Ал, мындан тышкары, Авдеевканын алынышына да комментарий берип, "тилекке каршы, артиллерия менен ок-дарыны ысырап кылбоо үчүн аскер күчү чыгарылып кеткенин" белгиледи.
Авдеевка — Донецкинин түндүк тарабындагы шаар, бул калаа үчүн атайын операция башталгандан бери тынбай күрөш жүрүп келет. Украина Куралдуу күчтөрү дал ушул шаардан туруп ДЭРдин борбор калаасын жана Донбасстын башка калктуу конуштарын аткылаган.
17-февраль күнү кечинде коргоо министри Сергей Шойгу Владимир Путинди шаар толук алынганы тууралуу кабардар кылган. Бошотулган территориянын жалпы аянты 31,78 чарчы чакырымды түзөт. Каршы тарап 1,5 миңдей адамынан ажырады. Авдеевканын бошотулушу фронттун линиясын Донецкиден алыстатууга жол ачты.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский 17-февралга караган түнү Авдеевкадан чыгып кетүү буйругун берген, бирок документ украин аскер бөлүктөрүнүн башаламан болуп кача баштаганынан кийин, башкача айтканда, бир суткадан соң чыкканы аныкталган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Каршылаштар качууга аргасыз болду. Шойгу Авдеевканы кантип алганын айтып берди