БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Жалал-Абад жана Баткенде 0...+5, Талас өрөөнүндө 0...-5, Ош облусунда -2...+3, Ысык-Көлдө -1...+4, ал эми Нарында -2...-7 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош калаасында +2...+4 градуска жетет.