Министрлик: Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымы сабалды

Дарыгерлер медициналык кызматкерди коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүнүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкектеги Улуттук госпиталдын медайымы бейтаптын туугандары тарабынан сабалганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Окуя 19-февралда травматология бөлүмүндө болгон. Медайым кош бойлуу экени, ал боюнан түшүп калуу коркунучу менен Шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылганы айтылды. Абалы туруктуу.
Укук коргоо кызматкерлери чакырылган. Дарыгерлер медициналык кызматкерди коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүнүүдө.
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов окуяга комментарий берди.

"Биздин кызматкерлер бейтаптарыбыздын ден соолугуна жан үрөп кам көрүп келишет, аларга карата ар кандай зомбулук аракеттерине жол берилбейт. Биз кызматкерлерибиздин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөбүз. Ошол эле учурда бардык бейтаптардан жана алардын жакындарынан сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдон келген аракетин жасап жаткан кызматкерлерге сый мамиле кылууну суранабыз", — деди Төлөгөнов.

Ошто дарыгерлерди сабаган киши кармалып, ал ИИМде мурда иштегени айтылды