Тамчыда шамал "Ысык-Көл" аэропортунун дубалын кулатты. Сүрөт

Сүрөттөн пескоблоктон тургузулган тосмонун 80-90 метрлик бөлүгү кулап калганын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунун дубалы кайрадан кулап калды.
Бул көрүнүш 17-февралда болгон. Кулаган дубалдын сүрөтүн ЖМКлар жарыялады. "Манас" эл аралык аэропорту маалыматты тастыктады. Сүрөттө пескоблоктон тургузулган тосмонун 80-90 метрлик бөлүгү кулап калганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 17-февралда Ысык-Көлдө ылдамдыгы секундасына 32-37 метрге жеткен катуу шамал болгон. Ал Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы жана Чок-Тал айылдарында трансформатор станцияларын бузуп, электр зымдарынын мамыларын омкоруп кеткен.
Аэропорттун тосмо дубалы буга чейин да кулаган. Биринчи окуя былтыр мартта болгон эле. Анда бийлик катуу шамал бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалды уратканын айткан.
Суук дагы канча кармалат? Бир жумага карата аба ырайы