Менчик саламаттык сактоо уюмдарын ведомстволор аралык жумушчу топ текшерет

Комиссиянын ишине эки айлык мөөнөт берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Максаты — Кыргызстандын жарандарына сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү.
"Ведомстволор аралык жумушчу топко эки айдын аралыгында өлкө аймагында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин текшерүү тапшырмасы берилди. Анын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын жетекчилигинин кароосуна ишти оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштар киргизилет", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан биотехнологияны фармацевтикада колдонуп чоң киреше таба алмак. Маек