"Биз Ысык-Көл облусунда шамал паркын курууну ойлонуштура баштадык. Жайында Баткен облусундагы Лейлек кичи ГЭСинин курулушун соңуна чыгарууну пландап жатабыз. Элге иш кандай жүрүп жатканы боюнча маалыматтар берилүүдө. Анткени калк менен иштешүү биздин максаттуу багыттарыбыздын бири. Мындан тышкары, КР Саламаттык сактоо министрлиги менен "Росатомдун" ортосунда Онкология жана гематология улуттук борборунун базасында ракты алдыңкы технологиялар менен дарылаган медициналык борбор түзүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду", — деди Константинов.
"Авариялык абалдарды болтурбоонун заманбап чечимдери бар экени тууралуу элге агартуу иштерин жасаш керек. Бизде электр энергиясын генерациялоодо чоң көйгөй бар. Токтогул ГЭСинде ар дайым суу тартыш. ТЭЦте болсо улам-улам авариялар болуп жатат. Биз албетте "жашыл энергетика" долбоорлору боюнча милдеттерди моюнга алабыз, бирок макроэффект үчүн тынчтык атомуна барышыбыз керек", — деди Бекешев.