Дарыгер адамга темир жетишпегендеги белгилерди атады

Адис уй этинде темир көп экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Организмде темирдин жетишсиздиги адамдын абалына, сырткы көрүнүшүнө да таасир берет. Бул тууралуу диетолог Елена Игнатикова Sputnik радиосундагы маегинде билдирди.
Дарыгердин айтымында, темир жетишпегенде адам дайыма чарчап, алсыз болуп, башы көп ооруйт.
"Өзгөчө аба жетишсизирээк болгон, эл көп жүргөн жайларда алар өзүн жаман сезе башташат. Чачтары, тырмактары бузулуп, териси кубарат. Темирдин жетишсиздигинин белгилери болгон учурда дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүү керек. Эгерде бейтапка "темир жетишсиздигинин анемиясы" диагнозу коюлса адис тиешелүү дары каражаттарын жазат", – деген Елена Игнатикова.
Ал аталган микроэлемент организмде жетиштүү болушу үчүн жеш керек болгон азыктарды тизмектеген.
"Темирдин жетишсиздигин алдын ала турган азыктардын бири – уй эти, анда гемоглобинди синтездөөгө зарыл болгон белок көп өлчөмдө бар. Мындан тышкары, уйдун эти адамдын организми оңой кабыл ала турган темирге да бай", – деп түшүндүргөн ал.
Адис малдын тили, боору, жүрөгү да организмге темир берерин белгилеген.
"Темирди сиңирүү үчүн башка заттар да зарыл, анын ичинде С витамини бар. Андыктан кышкысын күнүмдүк рационго капуста, цитрус мөмөлөрүн жана алманы кошкон туура. Чай, кофе, шоколад, тескерисинче, темирдин сиңбей калышын шарттайт", – деген ал.
Диетолог: куурулган картошка олуттуу ооруга себеп болот