Радио

Экономика министрлиги: быйыл 100 өнөр жай ишканасы ишке кирет

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова өткөн жылы өлкөнүн өнөр жай тармагында 483 миллиард сомго өнөр жай товарлары өндүрүлгөнүн айтты.
Sputnik
2023-жылы өкмөт өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга жагымдуу шарт түзө алды. Ага байланыштуу быйыл 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалып жатканын Айнура Үсөнбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө резина, желим, жыгач буюмдарын иштетүү, фармацевтика, тоо-кен, текстиль тармактарында өнүгүү байкалды.
"Өткөн жылы өлкөнүн өнөр жай тармагында 483 миллиард сомго өнөр жай товарлары өндүрүлүп, өсүү темпи 2-7 пайызга өстү. Көбүнесе резина, желим, жыгач буюмдарын иштетүү, фармацевтика, тоо-кен, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, текстиль тармактарында өнүгүү болду. Былтыр өкмөт өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга жагымдуу шарт түзүп, бир топ маселелерди чечти. Ага байланыштуу быйыл 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалып жатат. Акыркы үч жылда Кыргызстанда 60 өнөр жай объектиси ишке киргизилип, инвестициянын көлөмү дээрлик 1 миллиард долларды түзгөнү да белгилүү", — деди Үсөнбекова.
Ошондой эле адис ири долбоорлорду ишке ашырууда инвестицияга көңүл бурулуп, ири өнөр жай ишканалары модернизацияланарын кошумчалады.