Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги алып салынды

Эгер мыйзам кабыл алынса "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети жана Регламент боюнча комитет бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды.
Документте кылмыш жоопкерчилиги боюнча берене алып салынды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматова бул пункт депутаттар менен коомчулуктун оюн эске алуу менен жазылганын белгилеген.
Эскерте кетсек, алгач мыйзам бузгандарды 5-10 жылга эркинен ажыратуу жазасы сунушталган, экинчи окууга ал 3-5 жылга кыскартуу менен киргизилген эле. Бирок өткөн жумада Жогорку Кеңеш мындай жаза ашыктык кыларын айтып, кайра оңдоп-түзөөгө кайтарган.
Бүгүн Конституциялык комитет жогоруда аталгандарды эске алуу менен экинчи окууда жактырды. Эгер мыйзам кабыл алынса "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп аташат.
Гранттардан көз каранды "эркин" ЖМКлар. Булардын милдети эмне?