21-февралга карата аба ырайы

21-февралда түнкүсүн жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын көпчүлүк аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Шаршембиде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында 0…-5, Талас жеринде -2…-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -3…+2, Нарын чөлкөмүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 0…-2, Ош шаарында 0…+2 градус болот.
Суук дагы канча кармалат? Бир жумага карата аба ырайы