Кагылыштан 64 киши өлгөн. Папуа — Жаңы Гвинеядагы уруулар ортосундагы чатак

Полициянын кабарында окуя Энга провинциясында болгон. Көз жумгандар алгач буктурмага кабылып, андан соң ок жеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Папуа — Жаңы Гвинеянын тоолуу аймактарындагы уруулар ортосунда болгон кагылыштан 64 киши көз жумду. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Бул маалыматтарды агенттик эки маалымат булагына — ABC телеканалы менен "Франс Пресске" шилтеме кылып жазды.
"Жаңы Гвинеянын полициясы өлкөнүн тоолуу аймагындагы уруу аралык араздашуунун кесепетинен 64 адам каза тапкандыгын билдирди", — деп айтылган маалыматта.
Полициянын кабарында окуя Энга провинциясында болгон. Көз жумгандар алгач буктурмага кабылып, андан соң ок жеген. Мунун уруулар ортосундагы келишпестиктен келип чыкканы айтылды.
Бул аталган өлкөнүн кийинки жаңы тарыхында алгачкы ирет кездешкен ири кандуу окуя болуп калганын да белгилешти.
АКШда 46 мигранттын сөөгү менен ташталган жүк ташуучу унаа табылды. Видео