БИШКЕК, 19-фев.— Sputnik. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференциядагы билдирүүсү Европанын Россияга каршы согушка кошулушун актоого жасалган чакырык болду. Бул туурасында Франциянын "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппонун айтканын "Известия" жазды.
Буга чейин ЕК башчысы Евробиримдик үчүн украин киризисинде "бозомтук аймактар" калбагандыгын айткан. Чыгыш Европа бөлүгүндөгү чатакты "демократтар менен автократтардын глобалдуу күрөшү" деп атаган да, же Россияны, же демократиялык өлкөлөрдү колдоого чакырган.
Филиппо америкалык саясатчылар да дал ушундай "жакшылыктын жамандыкка" каршы турушу боюнча "карикатуралык" фразаны Жакынкы Чыгышта чыныгы демократиялык эркиндикти басуу үчүн өздөрү чыгарган согуштан соң актануу иретинде колдонгонун эске салды. Анын пикиринде, фон дер Ляйен өзүн Евробиримдиктин кол башчысы катары сезип алып, Европаны "глобалдуу согушка" катыштырууга аракет кылып жатат.
"Урсуланы бийликтен четтетип, Евробиримдикти эртерээк таратыш керек!" — деп жазган Филиппо X соцтармагына.
Буга чейин немецтик Bild басылмасы өзүнүн маалымат булагына таянып, Еврокомиссиянын башчысы экинчи мөөнөткө барууга ниет кылып жатканын белгилеген.
Фон дер Ляйен 2019-жылдан бери бул кызматта отурат, ыйгарым укуктары быйыл аяктайт. Декабрь айында Филиппо Ляйен жүргүзүп жаткан саясат Франция үчүн кесепеттүү экенин айтып, муну менен катар эле Европалык биримдикти жоюуга чакырык салган.
Ноябрда Венгрия премьер-министри Виктор Орбан ЕБдин азыркы лидерлери Европанын тамырын соолутуп, келечегин кесип, ачык асмандын алдындагы музейге гана жарамдуу жай кылып коюу тобокелдигине алып баратканын айтты.
Немец журналисти Вольфганг Мюнхау британиялык New Statesman басылмасына берген макаласында ЕБ четинен ыдырай баштагандыгын, себеби биримдик мурда эле жок болгондугун жазган.
Мюнхау Россияга салынган санкциялар Евробиримдиктин өзүн алсыратып бүтүргөнүн, тизелете турган соңку нерсе — өзүнүн ресурстары түгөнүп баратканы экендигин белгилеген.
Буга чейин Евробиримдиктин ыдырашын немец философу жана публицисти Хауке Ритц да айткан. Анын түшүндүргөнүнө караганда, ЕБ экономика, коопсуздук жана маданият, тышкы саясат жаатында өзүнүн негизги саясатын иштеп чыга алган жок.
Венгриянын ТИМ жетекчиси Петер Сийяртонун да Евробиримдиктин институттары мажирөөлүгүн көрсөтүп, ал эми уюмдун атаандаштыкка туруштук берер жөндөмү жок болгонун айткан жайы бар.