Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Украинанын туткун аскерлери бараткан учактын кулашына Британия күнөөлүү

Анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 65 аскери, экипаж мүчөлөрү жана коштоп жеткире тургандар менен кошо жалпы 74 адам болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Украинанын ракетасы сокку урган Ил-76 учагындагы экипаждын жана аскер туткундарынын өлүмүнө Киевдин британиялык кеңешчилери күнөөлүү. Бул тууралуу окуядан кабары бар адам РИА Новостиге айтып бергенин агенттик жазды.
"Ил-76 бортуна чабуул британиялык кеңешчилердин басымы алдында Киевдин Абадан коргонуу күчтөрү менен макулдашылбай, ракеталарды Белгород облусунда учуруу тууралуу маалыматтар кошумча текшерилбей туруп жасалган", — деген ал.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-январында Россиянын Белгород облусунда өзгөчө жүргүнчүлөр менен кетип бараткан Ил-76 учагы кулаган. Анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 65 аскери, экипаж мүчөлөрү жана коштоочулар менен кошо жалпы 74 адам болгон. Туткундарды алмашуу үчүн алып баратышкан. Терактыдан бардыгы каза тапкан.
Анда украиналык аскерлер бортко Харьков облусунун Липцы айылынан учурулган эки ракета менен чабуул жасашкан. Тергөө чабуул жасаган ракеталар – Американын Рatriot топтомундагы зениттик башкаруудагы MIM-104A ракеталары экенин аныктады. Владимир Путин бул окуяны Киевдин өз жарандарына каршы жасаган кылмышы деп сыпаттаган. Анын айтымында, Украина тарап Ил-76 учагында өздөрүнүн аскер туткундары болгонун билген, бирок ага карабастан шалаакылыктан же атайылап бул ишти жасашты. РФ ТИМи учактын жардырылышы боюнча билдирүүсүндө бул абал Киев менен кандайдыр бир кепке келүү мүмкүндүгүнө дагы чоң суроолордун жаралышын шарттаганын билдирген.
Киев расмий түрдө эл аралык иликтөөлөр жасалышы керектигин айтууда, бирок бейрасмий түрдө жергиликтүү ЖМКлар Ил-76 учагы С-300 үчүн ракеталарды ташып бараткан деген билдирүүлөрдү жазышууда. Ал эми Батыш медиалары бул абалды көмүскөдө калтырууга аракет жасоодо. Путин Россия дагы кырсык боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүшү керек деп эсептей турганын, бирок эл аралык уюмдардын ичинде муну ишке ашырууга кызыкдарлар жок экенин билгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путинге Авдеевка толук көзөмөлгө алынганы боюнча отчёт берилди