Кыргызстандын тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана максаттуу пайдаланууга 2023-2027-жылдарга мамлекеттик бюджеттен биринчи жолу 584 миллион 74 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Жумамедел Иманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тарыхый-маданий мурастарды сактоодогу мамлекеттик саясатты илгерилетүү зарыл.
"Эгемендүүлүктү алгандан бери алгачкы ирет өлкөнүн тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана максаттуу пайдалануу үчүн 2023-2027-жылдарга карата мамлекеттик бюджеттен 584 миллион 74 миң сом бөлүндү. Мамлекеттик программа президенттин "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилерин сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Аны ишке ашыруу үчүн 2024-жылга 156,9 миллион сом, 2025-жылга 131,1 миллион сом, 2026-жылга 193,1 миллион сом, 2027-жылга карата 102,8 миллион сом бөлүнгөн. Бул кадамдын максаты — кыргыз элинин маданиятын сактоо үчүн тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана археологиялык казуу иштерине мамлекеттик колдоону күчөтүү", — деди Иманкулов.
Ошондой эле адис программанын алкагында билим берүү жана туризм тармагындагы шартты, инфраструктураны түзүү каралып жаткандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Кыргызреставрация" илимий-изилдөө долбоорлоо институту тарыхый-маданий мурас объектилерин жана алардын жанаша жаткан аймактарын изилдөө, долбоорлоо, реставрациялоо, регенерациялоо, реновациялоо, музейлештирүү, сактоо, коргоо, ошондой эле тарыхый-архитектуралык таяныч пландарын иштеп чыгуу, илимий изилдөөлөрдүн негизинде тарыхый шаарларды чөлкөмдөө, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөлкөмдөрүн иштеп чыгуу боюнча башкы адистештирилген уюм болуп саналат.