Өкмөт быйыл Кыргызстанда өтө турган эл аралык мелдештердин тизмесин жарыялады

Өкмөттүн маалыматы боюнча, быйыл борбор калаада эл аралык жети ири мелдеш өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Быйыл Бишкек шаарында бир катар эл аралык ири спорттук мелдештер өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аталган спорттук иш-чараларды даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, борбор калаада төмөнкүдөй эл аралык иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө:
21-26-февраль — өспүрүмдөр жана балдар арасында бильярд боюнча дүйнө чемпионаты;
26-февралдан 3-мартка чейин — бильярд боюнча дүйнө чемпионаты;
10-16-март — А тайпасынын үчүнчү дивизионунда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;
23-марттан 1-апрелге чейин — аялдар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты;
25-30-март — угуусу начар адамдар арасында таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты;
11-16-апрель — грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты;
19-21-апрель — грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына Азия квалификациялык (лицензиялык) турнири.
Эдил Байсалов бул спорттук мелдештерди ийгиликтүү өткөрүү үчүн профилдик мамлекеттик органдарга тиешелүү чара көрүүнү тапшырды.
Бишкекте көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат өтөт