Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина аскерлери Авдеевкадан чыгып, коргонууга өткөнүн билдирди

Чегинүү учурунда бир нече аскер кызматкери туткунга түшүп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Украина аскерлеринин башкы командачысы Александр Сырский Куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүн Авдеевкадан чыгаруу боюнча чечим кабыл алганын РИА Новости жазды.
"Авдеевканын айланасындагы кырдаалга байланыштуу мен шаардагы бөлүктөрүбүздү чыгарып, коргонууга өтүүнү чечтим", — деп жазган ал соцтармактагы баракчасына.
"Таврия" украиналык ыкчам стратегиялык топтун командачысы Александр Тарнавский аскерлер Донецкинин жанында жайгашкан Авдеевканын талкаланган позицияларынан кете баштаганын билдирген. Чегинүү учурунда бир нече аскер кызматкери туткунга түшүп калган.
"Аскерлер талкаланган жерлерден маневрларды колдонуп чегинип, коргонуунун жаңы линияларына жайгашууда. Мындай чегинүүлөрдүн биринде бир тобу туткунга алынды", — деген Тарнавский.
Ал Авдеевкада согуш уланып жатканын, россиялык аскерлердин саны, артиллериясы жана авиациясы Украинаныкынан алда канча көп экенине нааразы болгон.
Кийинчерээк Украинанын ЖМКлары Тарнавскийдин айтымына таянып, аскерлер Авдеевкадан чыкканын жазып чыгышкан.
Буга чейин Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби шаар россиялык аскерлердин колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин белгилеген эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУ Киевди жарандык объектилерге чабуул жасоону токтотууга чакырды