Бишкекте көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча республикалык деңгээлде райондор аралык жыйынтыктоочу чемпионат өтөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациясы билдирди.
Мелдештер 17-февралда башталат, 22сине чейин созулуп, күн сайын саат 10:00дө башталат. Анда өз регионунда жеңишке жеткен райондун командалары катышат. Буга жети облустан сырткары Бишкек, Ош шаарлары да кошулган.
Алар:
Бишкек шаарынан "Четинди" командасы;
Ош шаары;
Талас облусунан Талас району;
Чүйдөн Сокулук району;
Нарындан Ак-Талаа району;
Ысык-Көлдөн Ак-Суу району;
Оштон Кара-Кулжа району;
Жалал-Абаддан Сузак району;
Баткенден Лейлек району.
Ар бир облуста болгон райондор аралык мелдештин жеңүүчүлөрү Көк бөрү федерациясынын көзөмөлүндө калыстар курамы тарабынан аныкталганы белгиленди.
Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт