Бишкектин мектептеринде сабактар үч күн 30 мүнөттөн өтүлөт

Биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Борбор калаанын мектептеринде 17 жана 19-20-февраль күндөрү сабактар кыскартылып өтүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай чечимди Билим берүү департаменти Кыргызгидрометтин аба ырайы боюнча такталган маалыматын эске алуу менен чыгарган.
"17 жана 19-20-февралда биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталат, ал эми экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек. Сабактар 30 мүнөткө созулат", — деп жазылат маалыматта.
Мэрия шаардагы бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатканын айтып, бирок ата-энелер кааласа балдарын үйгө таштап, кааласа бакчага калтыра аларын белгилеген.
"Жеке менчик билим берүү уюмдарына Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу маалыматын эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат", — деп жазылат кабарда.
Бардык кошумча суроолор боюнча 0709 240 284 номерине кайрылууга болору айтылды.
Күн сууктайт! Кыргызгидрометтин божомолу