Ак үй: Авдеевка Россиянын көзөмөлүнө өтүп кетүү алдында турат

Кирби россиялык армия Авдеевка багытында күн сайын украиналыктардын позициясын кысып келе жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Авдеевкадагы кырдаал кыйындай баштады, шаар россиялык аскерлердин колуна өтүп кетиши мүмкүн. Бул туурасында Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби айтканын РИА Новости жазды.

"Тилекке каршы, Украинадан алынган кабарда Авдеевкадагы абал кыйын экени айтылууда. Россия бул багытта күн сайын украиналыктардын позициясын кысып келе жаткандыктан, анын россиялык күчтөрдүн көзөмөлүнө өтүп кетүү кооптуулугу бар", — деген Кирби брифингде.

Анын маалыматына караганда, мындай кырдаал АКШ өкмөтү Киевге аскердик жаңы жардамды жөнөтө албай, Украинанын Куралдуу күчтөрүндө ок-дарынын тартыштыгынан улам жаралууда.
"Конгресс кошумча каржылоону бекитпей, Украинага жаңы жардам жибере алган жокпуз", — деген Кирби.
Буга чейин америкалык The Washington Post басылмасы украин күчтөрү Авдеевкадан чегине баштагандыгын кабарлаган. Аскерлер шаарды берүүгө туура келерин, учурда убактылуу туруштук берип жатышканын айткан.
"Таврия" деп аталган украиналык ыкчам стратегиялык топтун өкүлү Дмитрий Лиховой шаршембиде Украина күчтөрү жакын арада аскерлерди камсыздап жаткан линиядагы көзөмөлүнөн ажырашы ыктымалдыгын билдирген. Украинанын Башкы чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов россиялык армиянын алдыга, анын ичинде Авдеевкага да жылып келе жатканын мойнуна алган. Владимир Путин январдын соңунда Авдеевка маанилүү башкы багыттардын бири экендигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Авдеев, Купянск... Эксперт кармаштын катуу жүргөн жерлери боюнча айтып берди