Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон аудитору: АКШнын Киевге жардам жөнөтүүсүнөн коррупция аныкталды

Киевге берилген каражаттардын мыйзамдуу колдонулушун иликтеген бөлүм эки жыл ичинде 57 иш ачкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Украинага аскердик жардам көрсөтүү коррупцияга алып келип, андан улам иш козголуп камакка алынгандар болду. Бул туурасында Пентагондун башкы инспекторунун докладында айтылганын РИА Новости билдирди.
Коррупциялык кылмыштарды иликтөө боюнча Украинада Американын Коргоо министрлиги менен Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн бөлүм эки жыл ичинде 57 ишти ачса, анын 14ү аягына чыккан.
"Ачылган иликтөөлөр гранттар менен сатып алуулар, уурдоо, программалардын бузулушу, технология менен куралдардын тарап кетишине каршы иштер жаатында жүрдү. Жабык жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында камакка алуунун жети учуру катталып, айыптаган 13 иш козголуп, эки өкүм чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.
Мисалга алсак, 2021-жылдын ноябрынан тарта америкалык жети аскер менен жай жарандардан турган подрядчылар Румыниядагы аба базасынан Украинага берилүүчү жардамдан баасы эки миллионго чукул жети тонна күйүүчү майды кымтыганы аныкталган.
Дагы бир иликтөө америкалык коргонуу жаатындагы субподрядчынын румыниялык кызматкери транспорттук келишимдерди кызыкдар тарапка берип, алардан ыраазылык катары акча алып турганын таап чыккан.
Буга чейин АКШнын Коргоо министрлигинин көзөмөл башкармалыгынын жарыялаган докладында Пентагон Украинага берген курал-жарак жаатындагы жардамына жеткиликтүү көз салбай калганы жазылган. Ошентип 1,6 миллиард долларлык жардамдын жарымынан көбү эсепке алынган эмес, андан сырткары, курал-жарактардын уурдалып же үчүнчү өлкөлөргө берилип кетиши боюнча кооптуулук ошол тейде калган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Блумберг АКШны Украинага берген жардамды көзөмөлдөөгө чакырды