17-февралга карата аба ырайы

Ишембиге караган түнү өлкө боюнча кар жаайт. Таңга маал кар басаңдап, айрым жерлерде туман түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 17-февралда республиканын Чүй, Таластан башка облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -7...-12, Талас облусунда -8...-13, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын аймагында -4...-9, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде 0...5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте -8...-10, ал эми Ош шаарында 0...2 градуска чейин жетет.
Март айында аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу