БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кумтөрдө алгачкы жолу алтын жер астынан казыла баштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жаңы ыкма менен иштөөгө онлайн-старт берди. Ал кен казуунун мындай ыкмасы алтын өндүрүүнү көбөйтүп, айлана-чөйрөгө жана мөңгүгө зыян келтирбей, экологияны сактоого мүмкүнчүлүк түзөт.
"Кумтөр голд компани" компаниясынын президенти Алмазбек Барыктабасовдун айтымында, алтынды жер алдынан казып алуу боюнча адистер тарабынан иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме анын экономикалык натыйжалуулугун көрсөтүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, жер астынан 115 тонна алтын казып алууга болот. Мындай ыкма Кыргызстанда биринчи ирет колдонулууда.