БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнүн аймагындагы аңчылык жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аянты 76,6 гектар жер "Борбор Азия аңчылык клубу" ЖЧКсына тиешелүү.
"Ал жерди буга чейин Р.К. аттуу жаран Камчы Көлбаевдин криминалдык көзөмөлү менен кысым көрсөтүп төмөндөтүлгөн баа менен ээлеп алган. Мындан тышкары, "Борбор Азия аңчылык клубу" ЖЧКсынын 37 миллион сомдон ашык бардык объектилери да мамлекеттин балансына кайтарылды", — деп жазылат кабарда.
УКМК учурда кылмышка башка адамдардын тиешеси бар-жогун аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.