Мындан туура 35 жыл мурун ушул күнү СССРдин Куралдуу күчтөрү Афганстандан чыгып кеткен. Советтер Союзу 40-армияны 1979-жылы 27-декабрда расмий Кабулдун өтүнүчү менен киргизген эле. 15 миңге чукул советтик жоокердин өмүрүн алган афган согушунун себептери жана кесепети тууралуу колумнист Алмаз Батилов ой бөлүшөт.
Расмий маалыматка таянсак, бул согушка советтик 620 миң офицер менен жоокер катышкан, анын ичинен 14 453ү каза болгон. Ал эми Кыргызстандан 7000ден ашуун жоокер барып, 254ү курман болгон. 1,5 миңдей жоокер ар түрдүү жаракат алган. 600гө жакыны майып болуп кайткан. Эки кыргызстандык аскерге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. Кайтып келгендери афган согушунда алган психологиялык стресстен ("афган синдрому") улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калды. Женева университетинин доктору Марек Сливинский менен Гэллап институнун Пакистандагы филиалынын адиси Иджаз Гилянин маалыматы боюнча, 1,5 миллион афгандык жаран каза болгон.
Согушка кимдер катышкан
Бул согушка ар түрдүү көз караштагы державалар менен мамлекеттер катышкан. Бир жагынан СССР жана социалисттик лагердеги өлкөлөр коммунистик режимге жардам берсе, расмий Кабулга каршы согушкан оппозициялык күчтөргө АКШнын өнөктөштөрү Кытай, Пакистан жана Батыш Европа менен Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер тынбай көмөк көрсөтүп турган. Бул согушту Батышта "Афганстан СССР үчүн Вьетнам болду" дешкен.
Тарых эмне дейт
XIX кылымдан баштап Россия менен Англиянын ортосунда Афганстанды көзөмөлдөө үчүн айыгышкан күрөш жүргөн. XIX жана XX кылымдын башында Улуу Британия Афганстан менен үч жолу согушуп, жеңилгенине карабастан ага чейин басып алган Афганстандын айрым аймактарын кайра кайтарган эмес. Мындан улам Улуу Британиянын мурдагы колониясы Пакистан менен Афганстандын ортосунда Дюранд сызыгы деп аталган чек ара чыры азыркыга чейин бүтө элек. Мындан сырткары, расмий Лондон Кабулдун тышкы саясатын көзөмөлдөө боюнча позициясын сактап калган. Англия өзүнүн атаандашы Россия Афганстанда үстөмдүгүн орнотуп, колониясы Индияга кол салышы мүмкүн деп кооптонгон. Чынында эле Борбордук Азияда Афганстандын орду стратегиялык жактан абдан маанилүү болгондуктан орус өкүмдарлары өз таасирин кеңейтүүгө умтулган. Дал ушул себептен улам Улуу Британия менен Россиянын ортосунда Афганстан үчүн тымызын айыгышкан күрөш жүргөн.
1917-жылы Россия империясы кулагандан кийин совет бийлиги 1919-жылы Афганстанды Англиядан толук көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган жаңы падыша Аманнулла-ханды абдан колдогон. Ошол эле учурда совет өкмөтү Афганстан аркылуу Улуу Британияга каршы саясатын жүргүзүүгө умтулган. Бирок расмий Москва коңшу өлкөнүн ички жана тышкы саясатына көп кийлигишкен эмес, мындан улам Афганстанды 40 жыл башкарган өкүмдар Захир-шах Москва менен жакшы мамиледе болчу.
Так талаш
1973-жылы Захир-шахты анын жакын тууганы, ханзаада Дауд хан тактыдан түшүрөт. Ал өлкөнү Афганстан Республикасы деп жарыялап, жеке бийлигин орнотот. Буга чейин Дауд хан мамлекетте бир катар реформаларды жүргүзүп, армияда жана коомчулуктун арасында кадыр-барктуу саясатчы болчу. Белгилей кетчү жагдай, Афганстандын туңгуч президенти Дауд хан да СССР менен тыгыз кызматташууга умтулган.
Тилекке каршы, Дауд хан бийликке келгенден кийин анын көпчүлүк реформалары ишке ашкан эмес. 1978-жылы ага каршы "Элдик демократиялык" деп аталган партия кутум уюштуруп, мамлекеттик төңкөрүш жасайт. Натыйжада Дауд хан үй-бүлөсү менен өлтүрүлөт. Бийликке жаңы келген Нур Мухаммед Тараки жана анын тарапкерлери мамлекеттик төңкөрүштү "Апрель же Саур революциясы" деп аташкан.
Элдик демократиялык партия "Хальк" жана "Парчам" деген эки фракциядан турган. "Хальктын" көпчүлүк мүчөлөрүнүн улуту пуштундар эле. Ал эми "Парчамдын" басымдуу бөлүгүндө тажик, өзбек, нуристан жана хазара калкынын өкүлдөрү болчу. 1978-жылдан баштап мамлекетте жарандык согуш башталган.
1979-жылы СССР Кабулдан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Баграм шаарына Советтик Армиянын Аскердик башкы чалгындоо кызматынын "Мусулман батальону" деп аталган атайын бөлүгүн жиберет. Анын басымдуу бөлүгүн тажик, түркмөн жана өзбек улутундагы аскерлер түзгөн.
© Sputnik / В. Киселев
/ СССРден жардам суроо
1979-жылы Герат шаарында жаңы өкмөткө каршы козголоңдон кийин расмий Кабул СССРдин жетекчилигине аскер киргизүү өтүнүчү менен кайрылат. Ошол эле жылдын сентябрь айында Нур Мухаммад Таракини өлтүрүп, анын орун басары Хафизулла Амин бийликке келет. Оппозицияга карата аёосуз репрессияларды жүргүзгөн Аминге калктын арасында нааразылык күч алат. Ошол эле убакта расмий Москва Чалгын кызматынын маалыматына таянып, Аминди АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын тыңчысы деп шекшиген. Бирок бул маалымат бүгүнкү күнгө чейин такталган эмес. Ошондуктан Москва Аминдин ордуна тымызын "Парчамдын" лидери Бабрак Кармалды дайындай баштайт. Амин да Кремлге жардам сурап кайрылган. Ушундан пайдаланып СССР Кабулдан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Баграм шаарына Советтик армиянын Аскердик башкы чалгындоо кызматынын "Мусулман батальону" деп аталган атайын бөлүгүн жиберет. Бул батальондун басымдуу бөлүгүн тажик, түркмөн жана өзбек улутунан куралган аскерлер түзгөн. Буларга СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин атайын даярдыгынан өткөн офицерлер кошулат.
25-декабрда саат 17:00дө СССРдин 40-армиясынын айрым бөлүктөрү Афганстанга кирет. Ал эми эки күндөн кийин советтик жоокерлер Аминдин ордосу Тадж-бек сепилине чабуул коюп, аны ээлейт. Советтик жоокерлер афган жергесиндеги бул сарай төңкөрүшүндө биринчи жолу оор жоготууга учурайт.
АКШнын өнөктөштөрү Пакистан, Кытай, Египет менен Батыш Европа өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер афган моджахеддерине курал-жарак берип жана үзгүлтүксүз каржылап турганы маалым. Чехиянын Dotyk гезитинин журналисти Давид Галатканын жазганы боюнча, Вашингтон бул согушка 3,2 миллиард доллар сарптаган экен. Каражатты моджахеддерге АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы жеткирип турган. Чалгындоо кызматынын мындай тымызын иш-чарасы тууралуу америкалык Конгресс билген да эмес. Жогорудагы кызмат Пакистандагы ашуудан Афганстанга курал-жарак ташуу үчүн Техас штатынан качырларды да алып барып пайдаланган.
Баңгизат "байлыгы"
Эң кызыгы, ошол учурдагы АКШ президенти Рональд Рейган афган козголоңчуларына баңгизат сатууга уруксат берген. Мындан сырткары, Пакистан менен АКШнын Чалгындоо кызматтары биригип, моджахеддердин апийимди Афганстандан Пакистанга алып келип жана аны баңгизатка айландырып сатканын көзөмөлдөгөн. Бул баңгизаттан түшкөн пайда бир миллиард долларды түзгөн деп чех журналисти Давид Галатик макаласында расмий Вашингтон менен Исламабадды кескин сындайт. 1979-жылдан баштап 1989-жылга чейин советтик аскерлер Афганстанда баңгизат өндүргөн жана ташыган кылмыштуу топторго аёосуз күрөш жүргүзгөн. Ошол эле учурда АКШ, Англия жана Кытайдын чалгындоо кызматтары Пакистанда афган козголоңчуларын атайын даярдыктан өткөрүп жана партизандык ыкма менен согушканды үйрөтүп жатты. Иран да шиит агымын карманган козголоңчуларга көмөк көрсөтүп турду. Советтик аскерлерди каралаган пропаганда күчтүү жүргөн. Мындай тоскоолдукка карабастан советтик жоокерлер жана расмий Кабулдун армиясынын басымдуу бөлүгү моджахедерге каршы жанын аябай салгылашкан. Согуштун айынан беш миллион жаран ата мекенин таштап, бозгунга айланды. Басымдуу бөлүгү Иран менен Пакистандан баш паанек тапты.
1988-жылдын 15-майынан баштап Советтер Союзу Афганистандан өз аскерин четинен чыгара баштаган
© Sputnik / А. Соломонов
/ Саясий эрк, акыркы чечим
Өз аскери кошуна өлкөдө жарандык согушка өтө аралашып, майнапсыз аракеттер болуп жатканына көзү жеткенден кийин Кремль Афганстандан 40-армияны чыгаруу боюнча кадам таштаган. Михаил Горбачев 1988-жылы 7-апрелде Ташкентте Афганстандын президенти Мохаммад Наджибулла менен жолугуп, натыйжада 14-апрелде Женевада Афганстан менен Пакистан өкмөтүнүн ортосунда абалды жөнгө салуу жана 40-армияны алып чыгып кетүү боюнча келишимге кол коюлган. Анын аткарылышына АКШ менен СССР кепилдик берген. Келишимге ылайык, 1988-жылдын 15-майынан баштап Советтер Союзу Афганстандан өз аскерин четинен чыгара баштаган. СССРдин жетекчилиги жоокерлерге 40-армияны толугу менен сактоо боюнча убада берген. 1989-жылдын 15-февралында 40-армия Аму-Дарыянын боюнда жайгашкан Афганстандын Хайратан шаары менен Өзбекстандын Термез калаасын жана калган бөлүгү Туругунди калаасы менен Түркмөнстандын Кушка шаарын байланыштырган көпүрө аркылуу чыккан. Эң акыркы болуп 40-армиянын кол башчысы, генерал Борис Громов чыгып, журналисттерге "Афганстанда бир да советтик жоокер калган жок" деген. Бирок бул сөз жалган болуп чыкты. Афган козголоңчуларынын туткунунда 400дөн ашык советтик жоокер калган. Азыркы күнгө чейин туткунга түшкөн советтик аскерлердин басымдуу бөлүгүнүн тагдыры белгисиз.
Азыркы күнгө чейин моджахеддер шуравилер өзгөчө эрдиги менен айырмаланып, сөзүнө турган анык жоокер деп баа беришет
© Sputnik / В. Киселев
/ Аткарылбаган убада
СССРдин жетекчилиги убадасынан тайып 40-армияны толугу менен жоюп салат. Себеби аталган армия бийликке каршы козголоң көтөрөт деп корккон. Эң өкүнүчтүүсү, Женевадагы келишимдин жоболору иш жүзүнө ашкан эмес. АКШ, Пакистан, Кувейт, Сауд Арабия жана Иран моджахеддерге жардамын күчөтүп, Наджибулланы бийликтен кулатты. 1990-жылы Афганстандан баңгизаттын өндүрүлүшү 600 тоннага жетти. 1996-жылы СССРдин Азиядагы эң акыркы ишеничтүү өнөктөшү Наджибулла менен иниси Ахмадзайды талибдер мыкаачылык менен өлтүргөн. Афган согушунун кесепетинен 1990-жылдары коңшу Тажикстанда жарандык согуш башталды. Жогорудагы эки согуштун кесепети Кыргызстанга да тийди. 1999-2000-жылдары Баткенге Тажикстандан тыюу салынган "Өзбекстан ислам кыймылы " аттуу террордук уюму кол салган.
Шуравилер
Бүгүнкү күндө да афган эли сыйлап, мурдагы СССРдин курамындагы өлкө жарандарын шурави дейт. Эң кызыгы, азыр афгандык моджахеддердин басымдуу бөлүгү "советтик аскерлерге каршы бекер эле согушкан экенбиз, андан көрө алар менен тил табышканда Афганстандын тагдыры башкача болмок экен" деп өкүнгөнүн көрүп батыш журналисттери таң калуу менен жазат. Азыркы күнгө чейин моджахеддер шуравилер өзгөчө эрдиги менен айырмаланган, сөзүнө турган анык жоокер деп баа беришет.