Төрөттөн каза болгон келин. Жайыл аймактык ооруканасынын директору иштен алынды

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Чүйдө төрөттөн кийин каза болгон келиндин окуясынан кийин Жайыл аймактык ооруканасынын директору иштен алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мындан тышкары, директордун дарылоо багыты боюнча орун басары менен башкы медайым дагы иштен бошотулду. Ал эми окуянын чоо-жайын аныктоо учурунда ишке тоскоолдук жаратпоо үчүн төрөт бөлүмүнүн башчысы жумушунан убактылуу четтетилди.
Эске салсак, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөн. Келин 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгон. Ымыркайдын абалы жакшы экендиги, ал эми келин Токтогул районунан келгени маалым болгон.
Бишкекте төрөттөн дагы бир келин каза болду