Бир түндө салмак кошуунун 9 себеби айтылды

Бир күндө салмак кошууга стресс, уйку, суунун жетишсиздиги себеп болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бир түн ичинде бир аз салмак кошуу кадыресе көрүнүш экенин "Доктор Питер" басылмасы фитнес-машыктыруучу Джесс Сатхардга таянып жазды.
Адистин айтымында, бул диетадан же машыгудан майнап чыкпай калды дегенди түшүндүрбөйт. Сатхард бир түндө салмак кошуунун негизги тогуз себебин санап берди.
Интенсивдүү машыгуу. Узакка чуркоо же активдүү машыгуудан кийин организм стресске кабылат. Бирок бул кадыресе көрүнүш. Булчуңдар түн ичинде кайрадан калыбына келе баштагандыктан салмак кошулушу мүмкүн.
Уйку. Адам уйкуга канышы керек, болбосо организмде суу кармалып, адам эртең менен шишип калат.
Суунун жетишсиздиги. Суусаган учурда бөйрөк сууну өзүнө кармап калууга аракет кылат. Мындан улам салмак кошулушу мүмкүн.
Тамак-ашта клетчатканын жетишсиздиги. Бул азык ичегинин иштешине жардам берет. Ал жетишпеген учурда ич катып, салмак кошулат.
Кеч тамактануу. Кечкисин тамак ичип эле уйкуга кирүү туура эмес. Мындан ашказан кыйналып, уйку бузулат. Салмакка да терс таасирин тийгизет.
Аялдардын этек кири. Бул учурда гормондор өзгөрүп, аял 2-3 килограммга чейин салмак кошушу мүмкүн. Адистин айтымында, бул дагы табигый көрүнүш, процесс бүткөн соң салмак ордуна келет.
Алкоголь. Спирт ичимдигин ичкенде организм сууга чаңкап калат, мындан улам шишик пайда болот.
Айрымдар катуу стресстен арыктаса, кээ бир адамдар семириши мүмкүн.
Тиш дагы картаят. Стоматолог кам көрүүнүн жолун айтты