Жаш өткөндө кан тамырдын ишин жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек? Адистин кеңеши

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Москванын Саламаттык сактоо департаментинин дарыгери Надежда Рунихина карыганда кан тамырдын ишин жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектигин айтып, кеңеши менен бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, жаш өткөн сайын адамдын кан тамыры катуу болуп, начарлайт. Бул процесске бир гана карылык эмес, туура эмес тамактануу, өзгөчө туз, кумшекер, майлуу тамактар таасир этет.
"Адатта кан тамырдын иштөөсүн жакшыртууга жашылча-жемиштер, балык сыяктуу курамында омега-3 майы бар азыктар жардам берет. Мындан тышкары, кыймыл маанилүү. Жанды кыйнабаган дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, жөө басуу сунушталат", — деген медик.
Радио
Адистер кыргызстандыктар тузду 3,5 эсе көп колдонорун айтышты