БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окуу режиминде кайра комитетке кайтарылды.
Аталган маселе бүгүн парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилген. Бирок Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чыңгыз Ажибаев артка кайтарып берүүнү суранды.
Вице-спикер Нурланбек Азыгалиев долбоордогу кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасы сыяктуу нормаларды алып салуу сунушталганын айтып, оңдоп-түзөө үчүн комитетке жөнөтүү зарыл болуп жатканын белгиледи.
Конституциялык комитет аталган долбоорду 23-январда экинчи окуудан өткөргөн болчу.
Демилгени Надира Нарматова баштаган депутаттар көтөргөн. Алар коммерциялык эмес уюмдардан ачыктыкты, тынымсыз отчет берүүнү жана финансылык операцияларын жашырбоону талап кылууда.
Авторлордун айтымында, бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү мамлекеттин саясий жашоо-турмушуна кийлигишип, акцияларды уюштуруп, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө каршы келген чечимдерди кабыл алуу үчүн коомдук пикирди түзүүгө умтулушат.
Эгер мыйзам кабыл алынса "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп аташат. Алгач 5-10 жылга эркинен ажыратуу жазасы сунушталган, экинчи окууга ал 3-5 жылга кыскартуу менен киргизилген эле.