Такер Карлсондун Москва жөнүндөгү пикирине америкалык кесиптеши кошулду

Путин менен маектешкен Карслон Россия борборунун архитектурасы, сервистер жана тамак-аш Американын шаарларынан жакшы экендигин белгилеген эле.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Америкалык Жексон Хинкл Такер Карлсондун Москва АКШнын калааларынан жагымдуураак экенин айткан пикирине кошулуп, ал да өзүнүн оюн X социалдык тармагына жазган.
Эске салсак, 12-февралда Дубайда өткөн өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинде Такер Карлсон Россиянын борбору америкалык шаарларга караганда тазараак, коопсузураак, андан сырткары, архитектурасы менен тамак-ашы да жакшы экенин белгилеген.
"Такер Карлсон Москва Американын шаарларына салыштырмалуу тазараак, коопсузураак экенин айтты. Мен да ага толук кошулам",— деп жазган Хинкл.
Февралдын башында Карлсон биринчи ирет Москвага келген. Россия лидери Владимир Путинден эки сааттык https://sputnik.kg/20240209/putin-taker-karlsongo-intervyuda-emnelerdi-aytty-1082568138.html интервью алган. Журналист америкалыктар Россия менен Украинада эмне болуп жатканын такыр эле билбегендиктен улам Путин менен маектешүүнү чечкенин түшүндүргөн.
Россиянын баш калаасында ал Чоң театрга барып, "Вкусно — и точка" ресторанында тамактанып, "Ашан" ири дүкөнүндө болгон.
Путин менен маектешкен видеосун ал X жана YouTube социалдык тармактарына жарыялаган. Интервью чыккандан бери Х тармагында 199 миллион ирет, YouTube каналында 15 миллион жолу каралган. Маек Кремлдин сайтына да жарыяланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Такер Карлсон: Украина Россияны Батыштын миллиарддары менен да жеңе албайт