Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мелдеш 20-21-февраль күндөрү Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде болот. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Салтанаттуу ачылышы 20-февралда саат 12:00дө башталат.
Балбандар 45, 48, 51, 55, 60, 65, 71, 80, 92 жана 110 килограммга чейинки салмак категорияларында беттешет.
Өлкө чемпионаты "Тайманбас" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Азия чемпионатынан күмүш утту