14-февралга карата аба ырайы

14-февралга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +10...+15, Талас өрөөнүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарында -4...+1 градус болору маалымдалды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, Ош калаасында +15...+17 градуска чейин көтөрүлөт.
Күн сууктайт! Кыргызгидрометтин божомолу