Радио

Учурда республикадагы мектептердин 85%ында ысык тамак берилүүдө

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу аракеттери тууралуу айтып берди.
Sputnik
2024-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандын орто мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу нормасы эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда республикадагы мектептердин 85 пайызында окуучуларга ысык тамак берилүүдө.

"Социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу үчүн 2024-жылга республикалык бюджеттен 999,4 миллиард сом каражат бөлүү каралууда. Мурда окуучуларга ар бир балага күн сайын 7 сом, ал эми тоолуу аймактардагы мектеп окуучуларына 10 сомдон бөлүнчү. Ага таттуу токоч жана сүт чай берилчү. Азыр эми жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми күнүнө ар бир балага 14 сом болуп бекитилди. Андан тышкары, жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда (санаторийлерден тышкары) – 90 сом, кесиптик-техникалык окуу жайларында (камкорчулукта жана көзөмөлчүлүктө болгон окуучуларды кошкондо) – 60 сом, мектеп жашындагы балдар үчүн санаторийлик типтеги мектеп-интернаттарда — 165 сом, атайын музыка жана искусство орто окуу жайларынын алдындагы мектеп-интернаттарда — 213 сом, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окуган жетим балдар үчүн — 100 сом, жетим балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын реабилитациялык топторуна — 160 сом, Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжине — 489 сом, камкорчулукта (көзөмөлчүлүккө) болгон студенттер жана окуучуларга (окуу процессинде) — 60 сом жана олимпиада, кароо-сынак, окуу жыйындары, шоу, мелдеш жана башка иш-чаралардын катышуучулары үчүн 120 сомдон 489 сомго чейин акча каралды. Окуучуларга берилчү тамак-аштын тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү министрлигинин адистери тарабынан даярдалат", — деди Кусеинова.

Ал ысык тамактын менюсун жакшыртуу үчүн ата-энелердин кошумча каражат чогултуусуна мыйзам жол берерин кошумчалады.