Балдар адабиятына арналган "Кичинекей окурман" фестивалы өтөт

Кичинекей окурмандарды бир аянтчага чогулткан фестиваль 18-февралда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкекте алгачкы жолу балдар адабиятына арналган "Кичинекей окурман" фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чара балдарды китеп окууга кызыктыруу, бала менен бирге китеп окуунун маанилүүлүгү жана баланы интеллектуалдык жактан өнүктүрүү максатында уюштурулары кошумчаланды.
Программанын алкагында балдар китептеринин чоң жарманкеси, атайын мастер-класстар, жомок жана кыргыз, англис тилдеринде китеп окуу сааттары өтүп, чыгармачылык зоналар уюштурулары кошумчаланды.
Кичинекей окурмандарды бир аянтчага чогулткан фестиваль 18-февралда Чыңгыз Айтматов проспекти, 1/1 дарегиндеги "Сейтек STEM" мектебинде саат 10:30да башталып, 16:00гө чейин уланат.
Радио
Эксперт: балалуу болууда атанын жоопкерчилиги эненикинен чоң