Аксы окуяларында жабыркагандардын жөлөк пулу көбөйтүлдү

Миң сомдук купуюралары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Аксы окуяларында жабыркагандардын жөлөк пулу 3 700 сомдон 4 500 сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кеп курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү менен жабыр тарткандарга берилчү социалдык төлөмдөр тууралуу болууда.

"Жөлөк пулдун өлчөмү 3 700 сомдон 4 500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөк пулдун бул түрүн алчуларга 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт", — деп жазылат кабарда.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылы 17-мартта жергиликтүү эл нааразычылык акциясына чыккан. Алар камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талабын коюшкан. Демонстранттарды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, анын кесепетинен алты адам каза болуп, бир нечеси ур-токмокко алынган. Бул боюнча тартип коргоо органдары тарабынан атайын "Тайфун" операциясы уюштурулган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Нуржан Алапаева
Радио
Кыргызстанда социалдык төлөмдөрдүн ондон ашык түрү бар