13-февралга карата аба ырайы

13-февралга караган түнү көпчүлүк аймактарга кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. 13-февраль, шейшембиде, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи бөлүгүндө тоолорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас өрөөнүндө +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл аймагында +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын чөлкөмүндө -1...-6 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +7...+9, Ош шаарында +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Онколог рактын пайда болуу тобокелдигин алдын алуу жолдорун айтып берди