БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев апрелге чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.
"Сотко УКМКнын тергөөчүсү Файзиевди 4-апрелге чейин абакта калтырууну суранып, кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган. Сот өтүнүчтү канааттандырды", — деп айтылат билдирмеде.
Эскерте кетсек, Файзиев 9-октябрда колго түшүрүлгөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" беренеси боюнча айып тагылган.
Файзиев биринчи жолу коррупциялык ишке шериктеш болгон деп шектелип, 2021-жылы кармалган. Кийин ал боштондукка чыгып, "Асман" экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалган. Бирок ал жерде көпкө иштеген эмес.