Талааны шаарга айланткан. Кыргызстандын биринчи геологу Ставинскийди эскерүү

Геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору Виталий Ставинский Сары-Жаз геологиялык экспедициясынын Кургак партиясынын башкы геологу катары талааны шаарчага айлантып, Кыргызстандын геология тармагын негиздеген.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" программасында конокто геолог, окумуштуу Виталий Ставинскийдин жубайы, Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер Батма Топоева-Ставинская жана Ак-Суу райондук мамлекеттик архивинин башчысы Дамира Жаныбекова болду. Биз залкар инсандын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу маектештик.
Батма Топоева-Ставинская: — Виталий Антонович өзү Ошто төрөлүп, Фрунзеде чоңойгон. Кийин Политехникалык институттун тоо-кен өнөр жайы тармагын бүтүп, Кеминде эмгектенет. Анан Сары-Жаз экспедициясын баштаган
— Алгач агайдын балалык чагы кайда, кандай өткөнү тууралуу кепти баштасак...
Батма Топоева-Ставинская: — Виталий Антонович өзү Ошто төрөлүп, Фрунзеде чоңойгон. Кийин Политехникалык институттун тоо-кен өнөр жайы тармагын бүтүп, Кеминде эмгектенет. Анан Сары-Жаз экспедициясын баштайт. Геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, үч-төрт партияны камтыган экспедицияны түзө алышты.
Ал эми Ошто төрөлүп калган себебин айтсам, энеси Пенза шаарында туулган. Кайнатам өзү поляк улутунан болот. Жакшы турган, адамкерчиликтүү үй-бүлө экен. 1917-жылы көтөрүлүш чыкканда кол астында иштеген кызматчылары "силер жакшы адамсыңар, аман калышыңар керек" деп качырып жиберишет. Алгач Өзбекстанда туруп, кийин Ошко көчүп келишкен. Улуу агасы Өзбекстанда төрөлөт. Виталий Антонович абдан мекенчил, кыргыз жерин, жаратылышын сүйгөн инсан эле. Акыйкатсыздыкты, өлкөгө жасалган кыянаттыкты көргөндө чыдабай мага "ой, сенин туугандарың эмнеге мындай кылышат, ушу кантип болсун, бул биздин байлыгыбыз да" деп чырылдап жиберчү.
Дамира Жаныбекова: — Виталий Антонович абдан активдүү жетекчи эле. Ал кишиге даап сүйлөй алчу эмеспиз. Абдан сүрдүү, күчтүү, уюштургуч болчу
— Кантип таанышып калдыңыздар эле?
Б.Т.С.: — 1974-жылы Сары-Жазга барып бала бакчага тарбиячы болуп орноштум. Алардын жумушунун жанынан күндө өтчү экенмин. Ал киши экспедициянын башчысы болуп жүргөнүндө мени терезеден байкачу тура. Ошентип 1986-жылы баш коштук.
Дамира Жаныбекова: — Сары-Жаз алгач как эткен карга, кук эткен кузгун жок ээн жер эле. Ошол жерге үйлөрдү салып, мектеп курду. Аймакка абдан көп эмгек жасады
— Бирге иштеген экенсиздер. Эмгектери тууралуу айтсаңыз?
Дамира Жаныбекова: — Мен Виталий Антонович менен Ак-Суу районунун комсомол комитетинин биринчи катчысы, Ак-Суу райондук партия комитетинин идеология бөлүмүнүн башчысы болуп турганымда иштештим. Жакындан тааныдым, абдан активдүү жетекчи эле. Ал кишиге даап сүйлөй алчу эмеспиз. Абдан сүрдүү, күчтүү, уюштургуч болчу. Сары-Жаз алгач как эткен карга, кук эткен кузгун жок ээн жер эле. Ошол жерге үйлөрдү салып, мектеп курду. Аймакка абдан көп эмгек жасады. Райондук музейге "Өмүрү өрнөк инсандар" деген аталыштагы зал уюштурдук. Ал жерде 250дөй адамдын сүрөтү илинип турат. Арасында Виталий Антонович да бар. Бул киши тууралуу маалыматтарды иликтеп жеке фондун ачтык. Мунун баары келечек муун үчүн керек. Райондун 50 жылдыгында бул кишинин атын бир минералга берүү маселеси да көтөрүлдү. Аксуулуктар Виталий Антоновичтин эмгегин жакшы билебиз, урматтайбыз.
Батма Топоева-Ставинская: — Аны "тирүү энциклопедия" деп коюшчу. Кыргызстандын аймагы, тоо-ташы, жеринин кыртышы тууралуу баарын билчү. Өлкөдөгү биринчи алтын кенин ачуучу катары наам алган
— Жолдошуңуз үйдө деле сүрдүү беле?
Б.Т.С.: — Негизи үйдө андай деле сүрдүүлүгүн көрсөтчү эмес. Бирок жумушта сүрдүү болчу. Бул жетекчинин сапаты болсо керек. Ошонун аркасы менен ошончо кишини башкарып, канчалаган иш бүтүргөн. Мен да азыр жаным тынбай эмгектенип келем. Анткени ушул кишиден таасир алгам. Майрам же дем алыш күнү кичине убактысы болсо эле тоо-ташты аралап кетчү. Аны "тирүү энциклопедия" деп коюшчу. Кыргызстандын аймагы, тоо-ташы, жеринин кыртышы тууралуу баарын билчү. Өлкөдөгү биринчи алтын кенин ачуучу катары наам алган. Талды-Булак Сол жээк, Сары-Жаз кен чыгуучу жерлерди аныктаган. Сары-Жазда дагы бир жыл иштеп турса көп иш бүтүрмөк. Тоо-кен комбинатын ачкан, максаттуу иштетилбей калды.
Эңилчекте Союз боюнча вольфрамдын эң чоң көлөмү табылган. Сырттан келген адамдарды алыстыгына карабай Кыргызстандын керемет жери катары Эңилчекке алып барышчу. Өзгөчө камкор адам эле. Ошол жердеги жумушчулардын, жашоочулардын кичине балдарынан кары-картаңдарына чейин ойлочу. Кен чыккан жерде витамин жетишпесе кандай болот деп күнөсканаларды түзүп, радиациядан коргонуучу жай жасаган. Күнөсканада жемиштин түрү өсчү. Ал эми коргонуучу жайдын ичи ресторандай жаркырап турчу. Көбү маданий кечелерди, тойлорун ошол жерде өткөрүп калган. Москвадан атайын боёк алып келип Манастын төрөлгөндөн кайтканына чейинки тарыхын шыпка тарттырган, күнү бүгүнкүдөй сакталып турат. Комбинатты куруп, жумушчулардын жашоо шартын толук түзүп жатты эле. Үйлөрдүн ичине ысык суу кирген. Виталий Антонович кеткени баары калды. Иши улантылган жок. Азыр андай эмес. Үч-төрт жыл мурун атайын барып көрүп, абалына боорум ооруду.
Батма Топоева-Ставинская: — Эңилчекте Союз боюнча вольфрамдын эң чоң көлөмү табылган. Сырттан келген адамдарды алыстыгына карабай Кыргызстандын керемет жери катары Эңилчекке алып барышчу. Өзгөчө камкор адам эле
1989-жылы тоонун башына профилактика курдурган. Тоодо иштеген адамдар бийиктен түшкөндө ден соолугун калыбына келтирсин деген тилек эле. Ичинде бассейн бар, мозаика менен таштарды чаптап чыгышкан. Баарын талкалашты, барсаң жүрөгүң ооруйт. 27-28 жылдык өмүрүн арнап, талааны шаарчага айланткан. Бирок болбогон шылтоонун айынан кызматтан алышты. Кийинкилер ишин уланта алган жок. Азыр ошол жерде жашап жаткан малчыларга рахмат, мектепти, бир аз үйдү сактап калышыптыр.
Анткен менен өкмөт менен партия Виталий Антоновичтин эмгегин убагында баалап, наамдарды берди. Сары-Жаз экспедициясы СССРде планды мыкты аткаргандыктан алдыңкы орунду алып турчу. Андан кийин кандидаттыгын, докторлугун жактады. Жумуштан келгенде диванга отуруп деле жаза берчү, идея келгенде жаза калчу окшойт. СССРдин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болду. 100дөн ашык монографиясы бар, мыкты кандидаттарды даярдап чыгарды. Айтор, илимде да из калтырган адам.
Дамира Жаныбекова: — Ак-Суу районунда 28 жыл иштептир. Райондун ишине каражатты Москвадан барып бөлдүрүп келчү да. Ошол кездеги республиканын жетекчилерин чаң жол менен алып барып, абалды көрсөткөн
— Илимий ачылыштарын кийинки жылдары жасаптыр...
Б.С.Т.: — Сары-Жаз экспедициясы өңдүү чоң ишти баштаган учурда илимге да убактысы болгон жок. Ишти жолго салгандан кийин топтогон тажырыйбасын кагазга түшүрүп, илимий ачылыштарды жасады. Анын негизинде бүгүн да көп ачылыштар болууда. Тоо-кен институтунда иштеп, көп студенттерди тарбиялап, профессор наамына жетти. Учурда кандидаттык ишин кыргызчалап жатам.
Д.Ж.: — Ак-Суу районунда 28 жыл иштептир. Райондун ишине каражатты Москвадан барып бөлдүрүп келчү да. Ошол кездеги республиканын жетекчилерин чаң жол менен алып барып, абалды көрсөткөн. Сүрөттөрү бар. Москвадан да төрт адам келип катышкан экен. Эңилчек суу сактагычын куруу керектиги тууралуу чечимдер жеринде чечилип, бир топ маселе кабыл алынган. Чек арадагы жоокерлер менен да жолугушуп кетишчү.
Б.С.Т.: — Ал кезде Сары-Жаз суусу укмуш ташкындаганда адамдар аркы өйүзгө өтө албай калышчу. Ушунун нугун туура пайдаланып ГЭС куруу идеясын көтөргөн, бирок ошол кездеги жетекчилер муну пайдалана албай калганы өкүнүчтүү.
Батма Топоева-Ставинская: — Ал кезде Сары-Жаз суусу укмуш ташкындаганда адамдар аркы өйүзгө өтө албай калышчу. Ушунун нугун туура пайдаланып ГЭС куруу идеясын көтөргөн, бирок ошол кездеги жетекчилер муну пайдалана албай калганы өкүнүчтүү
— Эмне себептен кызматтан кетиришти эле?
Б.С.Т.: — Болбогон эле жерден кетиришти. Бирок кийинки жетекчи ишин уланта алган жок. Кийин кайра чакырышкан, баргысы келбей койду. Жашы да өтүп калган. Анын үстүнө салынган имараттары да чекесинен урай баштаганын билип, көңүлү да калган.
— Агайдын туяктары тууралуу айтып берсеңиз?
Б.С.Т.: — 1988-жылы Наталья аттуу кыздуу болгонбуз. Атасынын айтуусу менен кызыбызды кыргызча окутканбыз. Азыр кыргызчаны мыкты сүйлөйт. Ага чейин орус тили мугалими элем. Мен да ал кишинин арты менен кыргыз тилине адистешип, мугалим болдум. Анан "Кыргызтестти" негиздедим. Улуу кызым Жаркынга өз атасындай ата болуп берди. Мен ал үчүн миң мертебе ыраазымын. Төрт неберебиз бар, кудайга шүгүр.
Виталий Антонович 2010-жылдын 16-апрелинде 73 жашында дүйнөдөн кайтты.
Меңди Мамазаированын уулу: апам эми да мыкты чыгармаларды жаратарына ишенем