Боткону кандай кылып бышырса пайдасы көп болорун кардиолог айтты

Дарыгер боткого май кошууну сунуштабайт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Көпчүлүктүн эртең мененки тамагына айланган ботконун пайдасы тууралуу "Известияга" кардиолог Грант Шехян айтып берди.
Ал белгилегендей, бардык акшак/дан эгиндеринде организмге, анын ичинде жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу заттар, минералдар жана микроэлементтер бар.

"Менин оюм боюнча, эң пайдалуу ботколордун бири – сулу. Бул балансталган ботко организмге оңой сиңип, курамындагы клетчатка ичегилердин активдүү иштешине жардам берет. Таруу боткосундагы белок менен углевод, гречканын курамындагы минералдар организм үчүн табылгыс байлык. Бул ботколорду адатта кардиологияда жаткандардын менюсуна кошушат. Бирок айрымдар даамын чыгарабыз деп май, куурулган жашылча же майлуу этти кошуп салышат. Мындай ботколор диетага ылайыкталбай калат", деди дарыгер.

Адис май кошулбаган ботколор кан тамырларды тазалап, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын аларын билдирди.
"Акшактарда негизи натрий менен хлор жетиштүү өлчөмдө болот, андыктан тузду азыраак кошкон оң. Туз көп болсо организмде суюктук топтоло берип, кийин гипертонияга алып барышы мүмкүн. Кашанын өзүн жей албай жатсаңыз ашкөк же күнжүт кошсо болот. Эгер майсыз жей албасаңыз өсүмдүк майын пайдаланган оң, бирок пайдасы аз болот", - деген Шехян.
Дарыгер айрым ботколорду бышырып, пайдалуу элементтерин азайткандан көрө сууга же кефирге алдын ала чылап коюп жесе болорун кошумчалады.
Радио
Нутрициолог тамакты чектебей, бирок толбой жүрүүнүн жолдорун айтып берди