Замандан артта калгандар. Жапаров планшет менен жүргөнүн сындагандарга жооп берди

Мамлекет башчы былтыр санарипке жарым-жартылай өткөндө кагаз, калемге кеткен каражат эки эсе үнөмдөлгөнүн эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "колунан планшети түшпөйт" деп аны сындагандарга жооп берди.
Өлкө башчы "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде 2007-2008-жылдан бери планшет колдонорун айткан. Андан каалаган маалыматын карап, кол алдындагыларга тапшырма берип иш тез бүтөрүн белгиледи.
Мындан сырткары, "Кумтөр" сыяктуу бир топ мамлекеттик стратегиялык мекемелерди, бажы постторун онлайн көрүп турарын билдирди.
"Көп иштерди аткарууда бул заманбап техникалар абдан ыңгайлуу. Кагаз-калемдин кереги жок. Ичинде бардык маалыматтар бар. Архивди ачсаң тээ 5-10 жылдан берки керектүү маалыматтарың сакталуу турат. Ал эми "колунан планшети түшпөйт" дегендер – замандан артта калгандар, компьютердин, заманбап техникалардын баркын билбегендер. Андайларга көңүл деле бурбайм", — деди Жапаров.
Ошондой эле өкмөт жакында толук санарипке өтөрүн, былтыр жарым-жартылай кошулганда эле кагаз, калемге кеткен каражат эки эсе үнөмдөлгөнүн эске салды. Тагыраагы, 2022-жылы 441 миллион сом жумшалса, былтыр 230 миллион сом коротулган.
Садыр Жапаров: сөз эркиндиги боюнча рейтингди ага жамынган бузукулар түзөт