"Мадина" базарынын негиздөөчүсү апрелге чейин абакта калтырылды

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов абакта калтырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Мындай токтомду борбор калаанын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы чыгарган.

"Камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узартуу өтүнүчүн УКМКнын тергөө тобунун жетекчиси берген. Сот өтүнүчтү канааттандырды. Салимовдун камактагы мөөнөтү 4-апрелге чейин узартылды", — деп соттон билдирди.

Эске салсак, Салимов уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө жана ага катышууга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылап, жазадан кутулуу үчүн укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы жана башка мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарын "сатып алууга" колдоо көрсөтүп турган.
УКМК Райым Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкүн көрсөттү. Видео